Сузактын Түрк-Абад айылында социалдык комплекс курулууда

Аймак 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Сузактын Түрк-Абад айылында социалдык комплекс курулууда. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ар-Рахма" социалдык комплекси "Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп жатат.

"Комплекстин ичинде ФАП, мечит, тигүү цехи жана 275 орундуу мектеп камтылган. Бул комплекс жакынкы күндөрү толук бүткөрүлүп, тапшыруу алдында турат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жергиликтүү бюджеттин эсебинен комплекстин айланасын иретке келтирүү, жолдорго асфальт, брусчатка төшөө, жашылдандыруу жумуштары аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий