• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

"Жашыл мурас". Нарын шаарында 200 түп карагай тигилди

Аймак 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Нарын шаарында 200 түп карагай тигилди, деп билдирет Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР президенти Садыр Жапаровдун "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Нарын шаардык кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен шаардык бюджеттен 1 млн сом бөлүнгөн.

Бөлүнгөн каражатка шаарды көрктөндүрүү максатында 400 даана көк карагай тигүү пландалып, анын 200 даанасы бүгүн, 8-апрелде 64 аймагына тигилди.

Мындан сырткары, Нарын облустук казыяты жана казысы Эрик Молдокулов, медресенин окуучу балдары жана Мамбетасан Ибраев менен биргеликте шаардын-Жаңы жол аймагына да көк карагай тигилди.

Белгиленгенедей, жакынкы күндөрү калган 200 даанасы келип, алар да тийиштүү аймактарга олтургузулат.

Пикир

Оставить комментарий