• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, 2-февралда саат 13:40та Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 балл, Иркештам айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 3-февралда саат 04:03тө Өзбекистандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол, Кум айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий