• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Свердлов райондук сотунун судьясы 1 млн сом айыпка жыгылып, сот залынан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясына 1 млн сом айып төлөө өкүмү чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12 млн доллар пара талап кылууга айыпталган К.А.К. соттун чечими менен акталды. Анын аракетинде кылмыштын курамы жок экени белгиленди.

Ошол эле учурда сот аны КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. К.А.К.га эки миллион сом айып салынган. Бирок, камакта узак мөөнөт отурганын эске алуу менен айып 1 млн сомго кыскартылды. Өкүм чыккандан соң судья сот залынан бошотулуп, бөгөт чарасы сыртка чыкпоого өзгөртүлгөн.

Апелляциялык арыз боюнча ишти азыр Бишкек шаардык соту карап жатканы маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий