• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатканын билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 15-октябрынан 17-октябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-135-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

"Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий