• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Төө-Ашууда кар жаап жатат

Аймак 0


Бишкек, 15.10.2024. /Кабар/. Бишкек - Ош жолунун 127-128-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 21:00гө карата кардын калыңдыгы 35-40 см жетти.

Ал эми аталган унаа жолдун 133-134-чакырым аралыгында жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жаратууда. №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Ал эми жеңил унаалар өтүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий