• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда заманбап спорттук машыгуу аянтчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда спорттук машыгуу аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Ачылуу аземине калаанын вице-мэри Руслан Алтымышев, шаардык кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү жана калаадагы спорт сүйүүчүлөр катышты.

Борбордук Курманбек стадионунун бир бөлүгүндө ачылган спорттук машыгуу аянтчасына жергиликтүү бийлик атайын жер тилкесин бөлүп, ал эми Улуттук Кызыл Ай коому керектелүүчү шаймандар менен камсыздаган. Уюштуруучулардын айтымында, бул демилге стадионго келип спорт менен машыгуучуларга кошумча шарттарды жаратуу болуп саналат.

Шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев өз сөзүндө, тургундарды сергек жашоого үндөгөн бул аракеттерди калаа бийлиги ар дайым колдоого алаарын билдирди.

Машыгуу аянтчасына Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан жалпы 1 миллион 200 миң сом акча каражаты сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий