Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрда саат 08:00гө карата Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайт.

Жолдордун тимеси:

- Бишкек - Нарын - Торугарт (Боом капчыгайы) - ачык;

- Суусамыр - Талас - Тараз (Өтмөк ашуусу) - ачык, жолду тазалоо иштери жүрүп жатат;

- Бишкек - Ош (Ала-Бел ашуусу) - ачык;

- Ала-Бука - Жаңыбазар - Кировка (Чапчыма ашуусу) - ачык;

- Бишкек - Ош (Көк-Бел ашуусу) - ачык;

- Красная Горка - Акташ - ачык;

- Ош - Сарыташ - Эркечтам (Чыйырчык ашуусу) - ачык;

- Ош - Сары-Таш - Эркечтам (Талдык ашуусу) - ачык, жол тазаланып жатат;

- Ош - Сарыташ - Эркечтам (Тоң-Мурун ашуусу) - ачык;

- Сарыташ (Кызыл-Арт ашуусу) - ачык;

- Сарыташ - Карамык - ачык, жолду тазалоо иштери жүрүп жатат;

- Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу - ачык, таштар тазаланууда;

- Бишкек - Нарын - Торугарт (Долон ашуусу) - ачык, жолду тазалоо иштери жүрүп жатат;

- Бишкек - Нарын - Торугарт (Чар ашуусу) - ачык, жолду тазалоо иштери жүрүп жатат;

- Бишкек - Нарын - Торугарт (Акбейит ашуусу) - ачык, жолду тазалоо иштери жүрүп жатат;

- Бишкек - Нарын - Торугарт (Туз-Бел ашуусу) - ачык;

- Бишкек - Нарын - Торугарт (Торугарт ашуусу) - ачык;

- Нарын районундагы Кувакы ашуусу - ачык;

- Кочкор - Арал - Төө-Ашуу (Кызарт ашуусу) - ачык;

- Казарман - Акталчат (Кара-Гоо ашуусу) - ачык;

- Арал - Нарын районундагы Миңкуш - ачык;

- Барскоон - Ак-Шыйрак (Сөөк ашуусу) - ачык;

- Түп - Кеген - ачык;

- Каракол - Эңилчек (Чоң-Ашуу ашуусу) - ачык;

- Ош - Баткен - Исфана (эски багытта) - ачык;

- Ош - Баткен - Исфана (жаңы багытта) - ачык.

Пикир

Оставить комментарий