Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-январь күнү эртең мененки саат 10:30дан баштап жасалма тыгындарды болтурбоо максатында Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.
“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, чектөө саат 12:00дөн баштап алынган.
Белгилей кетсек, Төө-Ашуунун жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий