• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын дамбасы реконструкцияланды

Аймак 0

Бишкек, 15.06.24. /Кабар/. Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Аламүдүн району боюнча аткарылып жаткан объекттердин бири болгон Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын абалы менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, быйылкы жылы республикалык бюджеттен 12,1 млн сом каржыланып, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын дамбасын бекемдөө иштери аткарылды. Натыйжасында суу сактагычтагы суунун көлөмү 73 млн куб метрден 78 млн куб метрге чейин көбөйтүлүп, 5 млн куб метр кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жыйынтыгында 22 649 га айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо жогорулатылды.

Бүгүнкү күндө ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы ишке ашырылууда. Программанын алкагында республика боюнча 44 суу чарба объекттеринин ичинен 10 суу чарба объектилери пайдаланууга берилип, натыйжада 5680 жаңы сугат жерлер өздөштүрүлдү, 25 700 га сугат жерлерди сууменен камсыздоо жогорулатылды жана 12 253 га сугат жерлеринин мелиоративдик абалы жакшыртылды.

Учурда 2024-2030-жылдар аралыгында БДР жана БСРдин,ирригациялык инфраструктуранын реабилитациялоо жумуштарын ишке ашыруу боюнча Программа даярдалууда. Программада 86 БДРдин курулушу менен 39,6 миң жаңы сугат жерлер өздөштүрүлѳт, 223,7 миң га сугат жерлерди суу менен камсыздоо жогорулатылат, ошондой эле узундугу 1068,0 км болгон 67 каналда реабилитациялык иштерди жүргүзүү сугат суунун жоготуусу 30-50%га кыскартууга мүмкүндүк берет.

Президенттин колдоосу менен ирригация маселесине өзгөчө көӊүл бурулуп, анын ичинде Чүй облусу боюнча сугат суу тартыштыгынын маселесин чечүү максатында 5 суу топтоочу курулмалардын тазалоо, 1 суу сактагычтын курулуш иштери аткарылууда.

Ошондой эле Чүй районундагы жерлерин сугат суу менен камсыздоо үчүн "Чүй районунда ирригацияны өнүктүрүүнүн схемаларын иштеп чыгуу" долбоору 6 БДРлер боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий