• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарында коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн турак-жайларды куруу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 28.04.18 /Кабар/. 2018-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Нарын облусунун Нарын шаарында УКМК кызматкерлери үчүн курулуучу турак үйдүн пайдубалына капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш чарага КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шаардын мэри, коопсуздук органдарынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Быйылкы жылы бул турак-үйдөн УКМК кызматкерлеринен 20дан ашык үй-бүлө өздүк батирлерге ээ болот. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз колдоосу менен УКМК кызматкерлерине башка аймактарда дагы турак- үйлөрдү куруу белгиленип жатат.

Эске сала кетсек, Ош жана Каракол шаарларында КР УКМК кызматкерлери үчүн турак-үй куруу иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий