• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Нарында коронавирус жуктурган жаңы учурлар оорулуулар менен байланышта болгондордон чыгууда – облус башчысы

Аймак 0

Бишкек, 27.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Учурда Нарын облусунда коронавирус жуктурган жаңы учурлар оорулуулар менен байланышта болгондордон чыгууда. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында илдетке шектүү деп 2 миңден ашык жарандан анализ алынган.

"Алардын катарында 12 күн обсервацияда болуп, экинчи ирет анализ тапшырып жаткандар да бар. Медицина кызматкерлери Нарындагы оорукананын төрөт бөлүмүндө коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон аялдарды үйлөрүнө чыгарып жиберген кемчиликтеринен улам облуста ооруну жуктуруп алгандардын саны көбөйүп кеткен. Азыр бардык күчүбүздү Нарын шаарына жумшап жатабыз. Оору жуккандарды аныктап, аларды курчап алсак абал турукташат" - дейт ал.

Алымкулов белгилегендей, Нарында 12 миң 295 коргоочу костюм, 11 миң 255 респиратор, 24 жасалма дем алдыруучу аппарат бар.

Пикир

Оставить комментарий