• 87
  • 90.59
  • 0.87

Түндүк айланма жолу оңдолуп, кеңейтилет. Мыйзамсыз объектилерди бузуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Бишкектин Алма-Ата көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейинки түндүк айланма жолдун боюндагы уруксатсыз орнотулган курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, демонтаждоо иштери түндүк айланма жолду реконструкциялоо жана кеңейтүүнү пландоо иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө.

Учурда 22 объект алынды, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, жолдун түштүк тарабындагы уруксаты жок орнотулгандардын ээлери өз ыктыяры менен бузушууда.

Эскерте кетсек, демонтаждоо иштери 19-ноябрда башталган. Өз ыктыяры менен демонтаждоо зарылдыгы жөнүндө ээлерине алдын ала эскертилген.

Бул объектилер тиешелүү уруксат кагаздары жок жайгашып, жерди пайдалануу эрежелерин бузууда.

Пикир

Оставить комментарий