• 87
  • 90.63
  • 0.79

“Түндүк электр”: Февралда дебитордук карыз 12,2 млн. сомго төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. "Түндүк электр" ишканасынын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы биринчи мартка 845,2 млн. сомду түздү. Февраль айында керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 12,2 млн. сомго же 1,4 % төмөндөтүштү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Дебитордук карыздын 28,1 млн.сомго же 18,1 % төмөндөшүү бюджеттик уюмдар категориясында катталган", - деп айтылат маалыматта.

Айыл-чарба керектөөчүлөрү – 189 миң сомго же 4,4 %,

калк – 4,7 млн.сомго же 0,9 % төмөндөтө алышкан,

Калган категорияларда дебитордук карыздын өсүшү байкалат,

өндүрүш абоненттери – 2,5 млн.сомго (3,6 %),

башка керектөөчүлөр -18,4 млн. сомго (21,1 %).

Борбор калаабыздан башка "Түндүк электр" ААК тейлеген бардык аймактарда дебитордук карыздын төмөндөшү байкалган:

Чүй облусунда - 51 млн. сомго (11%), Талас облусунда - 5,3 млн. сомго (же 4,8 %) төмөндөтүшкөн.

Бишкек шаарында дебитордук карыздын жогорулашы 44,2 млн. сомду же 15,6 % түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий