Түркиядагы кыргыздар Ноорузду майрамдашты

Маданият 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Түркиянын Анталья шаарында турган кыргыздар Ноорузду майрамдашты.

Антальяда иштеп, окуп жүргөн мекендештерибиз сүмөлөк бышырышып, Ноорузга карата чоң даярдык көргөн. Сүмөлөк жасоону "Кыргыз эли" коому көтөрүп чыккан.

"Элечекчен энелер ыр ырдап, жакшы тилек айтып, бүткүл Кыргызстанга ынтымак, молчулук, токчулук болуусун тилешти. Кыргыздын салтын бузбай отко казан асылып, боорсок бышырылып, майрамдык кыргызча дасторкон жайылды", - деп билдирет уюштуруучулар.

Пикир

Оставить комментарий