"Түндүк" порталынын кызматтарын 16 миллиондон ашык адам колдонгон

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. "Түндүк" мамлекеттик порталынын кызматтарын 16 миллиондон ашык адам колдонгон. Бул тууралуу Борбор Азия экономикасы үчүн БУУнун атайын программасы (ЭСКАТО) катчылыгынын субрегионалдык семинарында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева маалымдады.

Анын айтымында, ал эми порталдын тиркемесин 2 миллиондон ашуун адам телефонуна жүктөп алган.

Кыргызстан кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү боюнча алдыңкы орунга чыкты.

Интернеттеги жаңылыкты кыргыз тилинде угуза турган колдонмо жана chat GPT`нин аналогу “Акылай” ишке кирип, балдарга кыргыз тилинде жомокторду окуп бере баштаган. Ушул жана башка жетишкендиктер тууралуу бүгүн ЭСКАТО катчылыгынын субрегионалдык семинарында кеңири айтылды.

Орто жана чакан ишканаларга санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү туруктуу өнүктүрүүгө басым жасалган Инновация жана технология боюнча семинарга Түндүк жана Борбор Азиядан 8 мамлекет, СПЕКА программасынан 6 мамлекет катышууда.

Тактап айтканда, Азербайжан, Афганистан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан, Кытай, Корея, Россия жана БУУдан адистер чакырылган.

Субрегионалдык семинар - инновация жана инновациялык технологияны колдонууда кызматташуу, инновациялык долбоорлорду каржылоо, мамлекеттик-жеке кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Бүгүнкү талкууга Түндүк жана Борбор Азиядан Орто жана чакан ишканалардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер активдүү катышты.

Субрегионалдык семинардын алгачкы күнү Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, Инновациялар технологиясы департаментинин өкүлү Ким Тайхун, СПЕКА катчысы Кристофер Этей куттуктоо сөз сүйлөдү.

Иш-чарада мамлекеттик кызматтарды жана санариптик платформаларды баалоо, аймактын биринчи кезектеги муктаждыктарын аныктоо, буга байланышкан жалпы жыйынтыктарды чыгаруу каралат.

Иш-чара КР Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекетти агенттиги менен КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте уюштурулган.

Белгилей кетсек, ЭСКАТО семинарлары жана боюнча Инновация менен технологиялар багытында туруктуу өнүгүү боюнча жумушчу топтун бешинчи сессиясы 26-июндан тартып 28-июнга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий