• 87
  • 90.41
  • 0.84

“Түндүк” системасына жеке юридикалык жактар кошула алат

Коом 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Ведомстволор аралык “Түндүк” тутумуна мамлекеттик органдардан тышкары жеке юридикалык жактар да кошула алат. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн уюштурулган "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүү системасы аркылуу электрондук башкаруу" темасындагы семинарда Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети астындагы “Электрондук башкаруу борбору” Мамлекеттик ишканасынын (МИ) директору Нурия Кутнаева кабарлады.

Анын айтуусунда “Түндүк” системасына коммерциялык банктар, поликлиникалар, дарыканалар, нотариустар, насыялык уюмдар жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү жеке юридикалык жактар кошула алышат.

Андан тышкары Кутнаева белгилегендей, “Түндүк” системасы маморгандардын ишин иретке келтирет.

“Кээ бир маморгандарга келгенде, алар калкка кызмат көрсөтпөөрүн айтышат. Бирок белгилей кетчү нерсе “Түндүк” тутуму бул бир гана калкка кызмат көрсөтүүчү эмес, ошондой эле функцияларды иретке келтирүүчү система”, - дейт Н.Кутнаева.

Пикир

Оставить комментарий