• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

3-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. 30-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

31-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад , Баткен облустарынын облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ал эми өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

1-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. 3-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы сеундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий