Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун жер көчкү түшкөн тилкеси тазаланууда

Аймак 0


Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун жер көчкү түшкөн тилкеси тазаланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-майда саат 21:00-22:00 чамаларында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 354-тилкесинде жер көчкү жыла баштап, азыркы учурга чейин уланууда.

"Жер көчкү акырындан жылып отуруп, жолду жаап калган. Бүгүн, 11-майда жерине атайын техникалар жана жолчулар ("Чайна Роуд" ишканасынан) тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда каттам бир тараптуу ачык. Бирок, азыркы тапта да жер көчкү акырындап жылып жаткандыгына байланыштуу кийинки аракеттер (тазалоо иштери ж. б.) кырдаалга жараша болмокчу.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аталган участокто этият болууга жана келип жаткан маалыматтарга көңүл бурууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий