• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Түп районундагы 60 орундуу оорукана комплексинин курулушу аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Түп районундагы оорукана комплексинин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районунда 60 орундуу оорукана комплексин куруулууда. Объекттин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Курулуш-монтаждоо иштерин подряддык уюм “ПКФ Энесай ЛТД” ЖЧКсы жүргүзүп жатат.

Бүгүнкү күнгө карата куруу иштеринин 88 пайыздык жумушу бүткөрүлдү. Объектти устүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий