Түптөгү ооруканага тез жардам унаасы берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түп районунун жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилигине тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

"Бүгүн биз Түп районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна тез жардам унаасын өткөрүп берип жатабыз. Бул аймактагы медициналык жардамдын сапатын бир кыйла жакшыртат деп үмүттөнөбүз. Биз президентке саламаттык сактоо секторун ар тараптуу колдоп жатканы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Эске салсак, саламаттыкты сактоо тутумуна жети тез жардам унаасы берилген. Буга чейин төрт тез жардам унаасы Тамчы айылынын тез жардам бөлүмүнө, Ысык-Көл райондук ЖДПБ, Балыкчы ЖДПБ, Кемин райондук ЖДПБга өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий