• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жыл башынан бери COVID-19дун 1,6 миң жана КРВИнин 25,5 миң учуру катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Биринчи май райондук администрациясында социалдык маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу оорулар боюнча координациялык кеңешме өттү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, отурумда КРВИ жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал, эхинококкоз, кургак учук, тамеки чегүүнү алдын алуу, онкологиялык эмчек жана жатын моюнчасынын залалдуу шишик оорулары талкууланды.

Адистердин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 1-кварталында COVID-19 инфекциясынын 1588 учуру аныкталган. Вакцинанын беш түрү менен эмделген (Sputnik, Sputnik light, Sinopharm, Astrozeineka, Pfizer, Moderna) – 51 523 адам (биринчи доза), бул эмделүүгө тийиш болгон тургундардын жалпы санынын 60,9% түзөт. Экинчи доза - 42310 адам, бул 50,0%ды түзөт.

Өкмөттүн «Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жана «Коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар» убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, 59 миң сом айып салуу менен 11 протокол түзүлгөн.

Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, жеке ишканалар, ошондой эле коронавирус инфекциясы катталган көп кабаттуу үйлөр жана жеке секторлор да дезинфекцияланды. Жалпысынан жалпы аянты 152,9 миң чарчы метрди түзгөн 662 объект камтылган.

Бишкек шаарынын аймагындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча 2022-жылдын үч айында курч респиратордук вирустук инфекциялардын 25519 учуру (өткөн жылы 16590 учур) катталып, оорунун көрсөткүчү 53,8%га өскөн. Оорулардын эң көп үлүшү 14 жашка чейинки балдарга туура келет – 13857 учур (54,3%). 1 жашка чейинки балдардын арасында 2620 учур (10,2%), 1 жаштагы балдар - 2029 учур (7,9%), 2-4 жашта - 4090 учур (16%), 15-17 жашта - 1614 учур (6,3%) ) 18 жаштан жогору – 10048 учур (39,3%).

Оорулуулардын анализи боюнча 14 жашка чейинки балдар эң көп ооруйт, бул куракта балдардын грипп вирусуна жана КРВИге сезгичтиги чоңдорго караганда төрт эсе жогору.

Эхинококкоз оорусу 2022-жылдын 3 айында 2 учур, анын ичинен бир студент жана пенсионер, 56 кургак учук оорусу аныкталган.

Ошондой эле тамеки колдонуунун, никотиндин жана экологиялык тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасири тууралуу маалымат угулду. Алдын алуу үчүн Бишкек шаарындагы бардык ҮМБларда тамеки чегүүнү токтотуу боюнча окутуулар уюштурулуп, адистер окутуудан өткөрүлдү. Тамекини таштаган учурлар болгон.

Кийинки маселе онкологиялык оорулар – эмчек жана жатын моюнчасынын залалдуу шишиги боюнча абал талкууланды. Алдын алуу максатында 10 жаштан 55 жашка чейинки аялдарды жана кыздарды эмдөө сунушталат. Вакцинация курсу 6 ай бою 3 дозадан турат, ийиндин жогорку үчтөн бир бөлүгүнө булчуңга терең эмделет: биринчи дозадан кийин экинчи доза биринчи дозадан 1 айдан кийин жана үчүнчү доза биринчи дозадан кийин 6 айдан кийин эмделет.

Бул ыкма бардык онкогендик штаммдардан коргой албайт, эмдөөлөргө карабастан үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү улантуу керек.

Ошондой эле бардык катышуучуларга маалыматтык материалдар таратылды.

Координациялык кеңештин жыйынтыгы менен айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен отурумдун протоколу түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий