Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кен-Суу айылында жаңы курулган спорт зал пайдаланууга берилет.
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, спорттук имараттын курулуш иштери толугу менен фонд тарабынан каржыланды.
Залдын курулушу 2019-жылдын август айында башталып, 2023- жылдын октябрь айында толугу менен бүткөрүлдү. Жалпы аянты 739 чарчы метрди, ал эми сметалык баасы 21 млн 979 миң сомду түзөт.
Спорт залда бардык шарттар түзүлгөн. Жуунуучу жайлар, ички дааратканалар, машыктыруучулардын бөлмөсү жана чечинүүчү бөлмөлөр бар.
Пикир
Оставить комментарий