• 87
  • 90.63
  • 0.79

Төрөбаев Кыргызстандын суу ресурстары жана аны сарамжалдуу пайдалануу тууралуу баяндама жасады

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Климаттын өзгөрүшүнүн шартында Кыргызстандын суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Ысык-Көлдү сактоо” деп аталган улуттук суу форумунун сессиясында баяндама жасады.

Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүүнүн бардык 17 максатына жетүү милдетин алганын, алардын ар биринин өзөгүндө суу турганын белгилеп, өлкөнүн суу ресурстары жана аны бөлүштүрүүсүнө токтолду.

“Кыргызстанда суунун запасы мол. Жалпы узундугу 169 миң чакырымды түзгөн 45 миңден ашуун дарыя жана мөңгүлөр Кыргызстанды аймактагы стратегиялык суу түйүнүнө айландырууда. Анын ичинен 3500ү негизги дарыя болуп саналат, алардын кубаттуу агымдары жаратылышты гана азыктандырбастан, ошондой эле өлкөнүн ичинде да, чет өлкөлөрдө да миллиондогон адамдардын жашоосунун негизи болууда”, - деди ал.

Бүгүнкү күндө дүйнө глобалдык чакырыктардын учурун баштан кечирүүдө, ошол себептүү Кыргызстанда суу ресурстарын башкаруу максатында – президентке караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш, мындан тышкары адистештирилген Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги түзүлдү, ошондой эле мезгилдин чакырыктарына жооп берүү үчүн 2040-жылга чейин - улуттук суу стратегиясы кабыл алынды.

Ал эми Ысык-Көлдү сактоодо – Ысык-Көл Кыргызстандын жана бүткүл Борбор Азиянын бермети гана эмес, аймактын уникалдуу жаратылыш мурасынын, маданий сыймыгы жана ажырагыс экосистемасынын символу экенин айткан Бакыт Төрөбаев, Ысык-Көл түбөлүк бермет бойдон калуусу зарылдыгын жана жаратылыш байлыктарыбызга көзөмөлдү жоготкондо гана трагедиялуу эстеп калбоо керектигин билдирди.

Мындан тышкары, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууну башкаруу, Кыргызстанда айыл чарбасында сууну сарамжалдуу пайдалануу, Жер астындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо тармактарында да айтылып, чогулдарды жана жалпы жарандарды тиешелүүлүгүнө жараша бул багыттарда иш алып барууну чакырды.

Өлкөнүн суу байлыгы Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын ачууда деген минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстан эл аралык финансылык институттардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан долбоорлорду айтып, ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, мамлекеттик органдар, эл аралык финансы институттары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, илимий жана окуу жайлар, коомдук уюмдар катышкан улуттук суу форуму Ысык-Көл облусунда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий