• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Төрөбаев Кытайдан келген делегация менен кызматташуунун актуалдуу маселелерин сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сунь Хуньмэй менен жолукту.

Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев маектешине жакында эле жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен ачылган "Бедел" өткөрүү пункту менен бирге Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында "Торугарт", “Эркечтам" сыяктуу үч өткөрүү пункту бар экендигин эске алуу менен жана Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруунун шартында, Кыргызстан Кьтай үчүн үчүнчү мамлекеттин региондору үчүн негизги багыты/терезеси болуп калаарын белгиледи.

“Эми эл аралык стандарттарга жооп берген “Бедел" өткөрүү пункту болушу үчүн биргелешип бардык топтолгон тажрыйбаны жана чоң мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга тийишпиз. "Барскоон-Бедел" каттамындагы унаа жолдун курулуш иштерин кыргыз тарап активдүү жүргүзүүдө", — деди ал.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, кургакчылык болгон учурда жасалма жол менен жамгыр жаадыруу технологиясын колдонууда тиешелүү Синьцзян компанияларын тажрыйба алмашууга жана кызматташууга чакырды. Белгилей кетсек, Кыргызстанда жайыттардын жалпы аянты 9 млн гектардан ашат.

Өз кезетинде КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасьнын орун басары Сунь Хуньмэй Кыргызстан менен Кытайдын жетекчилери тарабынан коюлган милдеттерди эске алуу менен айтылган сунуштар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөөрүн жана эки мамлекеттин ортосундаты көп кырдуу өнөктөштүгүбүздү ийгиликтүү илгерилетебиз деген ишенимин билдирди.

Мандан тышкары тараптар, соода-экономикалык, көзөмөлдөө-өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгү, айыл чарба- продукцияларын экспортко чыгаруу, транспорт, энергетика, тоо-кен, банк жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кыргыз-кытай кызматташуусу тууралуу кенен сүйлөшүү жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий