• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу кезектеги жолугушуу болду

Өкмөт 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун 2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында жетишкен макулдашуусунун алкагында, 2019-жылдын 16-октябрында Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин, ошондой эле кыргыз-тажик Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жана укук иштери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук сызыкты чийүүнү улантууну активдештирүү боюнча ар тараптуу пикир алмашуу жүрдү.

Туруктуу аракеттеги жумушчу топтун ишмердүүлүгү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди тез арада чечүү боюнча конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталат.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын делегацияларынын жетекчилери эки өлкөнүн чек ара аймактарында ишке кирген топографиялык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу аракеттеги жумушчу топтун алкагында иш жүргүзүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Пикир

Оставить комментарий