• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешменин жүрүшүндө күн тартибине тийиштүү маалымат угулду, анын ичинде 2022-жылдын күз айларында Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) сунуштала турган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ченемдерин аткаруу жөнүндө Кыргызстандын Үчүнчү мезгилдүү баяндамасын даярдоо маселеси жана адам укуктары боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо маселелери угулду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасы Эдил Байсалов материалдарды тыкыр даярдоо зарылдыгын белгиледи.

«Баяндаманын негизги бөлүгүн деталдуу иштеп чыгуу керек. Кээде биздин жоопторубуздун мазмуну укук коргоо органдарынын жообу болуп калат. Координациялык кеңеш катары биз республиканын макулдашылган позициясын иштеп чыгышыбыз керек», - деп жыйынтыктады Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий