• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Төрөбаев Кытайдын Транспорт министрлиги жана Бажы кызматынын жетекчилери менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Пекин шаарында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын партиялык комитетинин катчысы Юй Цзяньхуа менен жолукту.

Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү көтөрүлгөнүн белгилеп, бул жөн гана соода жүгүртүү эмес, бул ар кандай тармактарда позициялардын жакындашынан кабар берерин белгиледи.

“Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктуна жана кытай тараптагы “Улугчат” бажы зонасына жакын жерде көзөмөлдөөчү кампанын курулушу жакын арада бүткөрүлөөрү күтүлүүдө. Муну менен Кыргызстандан Кытайга жүк ташуунун көлөмүнүн жогорулашына ишенем. Эң негизгиси бажылык жол-жоболорду дагы жөнөкөйлөтүп алсак, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу алмашууга өбөлгө түзөт”,- деди Бакыт Төрөбаев.

Өз кезегинде Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын партиялык комитетинин катчысы Юй Цзяньхуа 2023-жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 2022-жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн айтып, кытай тарап экологиялык жактан таза азык түлүк продукцияларын импорттоого даяр экендигин билдирди. Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандан Кытайга төө буурчакты жана тыбытты экспорттоону макулдашты.

Белгилүү болгондой, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылы 20 млрд долларды түзсө, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында ал 11 млрд долларга жеткен.

Андан соң минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын транспорт министри Ли Сяопэн менен жолукту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Торугарт”, “Эркечтам” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу, ошондой эле жакында эле убактылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттарды түзүү менен ачылган “Бедел” өткөрүү пунктунун инфраструктурасын модернизациялоону, аны менен катар “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолун 2027-жылга чейин биргелешип бүткөрүүнү сүйлөштү. Белгилей кетсек, “Бедел” пунктуна чейин кыргыз тараптан жолдун узундугу 152 чакырымды түзөт.

Мындан тышкары “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу сүйлөшүү жүрүп, жакын арада үч тараптуу коммерциялык макулдашууга кол коюлаары күтүлүп жатканы белгилүү болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Транспорт министри Ли Сяопэн кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу кирип-чыккан эки мамлекеттин жүк ташуучу унааларына быйылкы жылга берилген квотанын санын көбөйтүүнү макулдашты. Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын аягына чейин кошумча эки тараптан тең кирип-чыгууга 40 миңден унаага уруксат берилээри күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий