• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Төрөбаев менен БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри кызматташтыкты кенейтүүнү талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Пекин шаарында өткөрүлгөн “Туруктуу транспорт: глобалдык өнүгүүгө салым кошуу үчүн биргелешип иштөө” глобалдык форумунун жүрүшүндө Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы мамилелер жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Бакыт Төрөбаев кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгиледи.

“Кыргыз-эмират мамилелерин өнүктүрүү мамлекетибиздин саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат жана өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты консолидациялоо абдан маанилүү, анын ичинде энергетика тармагында, — деди Бакыт Төрөбаев.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев ошондой эле өлкөнүн энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун кеңири перспективалары тууралуу маалымат берип, эмират тараптын көңүлүн Кытай Эл Республикасы менен электр энергиясын жеткирүү боюнча жетишилген макулдашууларга бурду.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн ортосунда электр энергиясы менен камсыздоо боюнча энергетикалык инфраструктураны туташтыруу ниети жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Эмират тарап белгиленген мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө кызыгуусун билдирип, БАЭнин катышуусу менен бул багытта кызматташууну арттырууну сунуштады.

Masdar компаниясы тарабынан күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү маселеси дагы талкууланды. Тараптар бул багыттагы иштерди күчөтүүнү макулдашты.

Соңунда МинКаб Төрагасынын орун басары Энергетика жана инфраструктура министрин Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи кыргыз тараптын чакыруусун кабыл алып, анын жакын арада боло турган сапарынын күнү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий