• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улгайгандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2019-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

План «Кыргыз Республикасында улгайган жарандары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн жашоо сапатын жакшыртуу жана улгайган жарандардын социалдык жактан коргоону жогорулатуу максатында кабыл алынды.

План аркылуу белгиленген иш-чаралардын төрт артыкчылыктуу багыты белгиленген:

– Теңдик жана басмырлабоо. Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту болтурбоо боюнча чаралар;

– Ден соолукту бекемдөө жана ага кам көрүү, улгайган жарандардын сапаттуу медициналык кызматтарга ден соолукту сактоо системасын өркүндөтүү аркылуу жетүүсүн жогорулатуу жана активдүү узак жашоону илгерилетүү;

– Улгайган жарандардын жашоо циклинин бардык этаптарында байгерчиликти камсыздоо. Улгайган жарандардын арасында кедейликтин деңгээлин кыскартуу;

– Социалдык кызматтардын рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик эмес секторду колдоо формаларын кеңейтүү аркылуу улгайган жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.

Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында улгайган курактагы калктын өлүмүнүн жана ооруга чалдыгуусунун медициналык-демографиялык көрсөткүчтөрүн 60-74 жаш, 75-89-жаш, 90 жаш жана андан ашкан курактык категориялары боюнча терең талдоо жүргүзүү пландалууда.

Планда каралган геронтология жана гериатрия маселелери боюнча изилдөө жүргүзүү, улгайган жарандардын активдүү карылыгын узартуу үчүн медицинанын бул багыттарынын потенциалын жана жетишкендиктерин жайылтуу медициналык кызматкерлерди даярдоо процессин жакшыртып, бардык адистиктердеги дарыгерлердин геронтология жана гериатрия боюнча квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле улгайган жарандарды медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, алардын ден соолугун бекемдөөгө, активдүү карылыкты жана жашоо узактыгын жогорулатууга шарт түзөт.

Социалдык тейлөө формалары боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүдө улгайган жарандардын муктаждык критерийлерин иштеп чыгуу, республиканын региондорунда социалдык тейлөө уюмдарынын ишине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, социалдык тейлөөнүн «асырап алуучу үй-бүлө», «патронаждык кызмат» сыяктуу жаңы формаларын стандарттарын иштеп чыгуу, жергиликтүү деңгээлде реабилитациялоо борборлорун жана күндүзгү борборлорун, ден соолук мектептерин, улгайган жарандар үчүн хоспистерди түзүү социалдык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталат.

Иш-чаралар планында каралган республиканын алыскы жана жетүүгө кыйын райондорунда жашоочу улгайган жарандарды тейлөө үчүн бир багыттагы адистердин катышуусу менен медициналык-санитардык көчмө кызматты түзүү, социалдык тейлөө тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу ар бир улгайган жаранга социалдык тейлөөнү алуу мүмкүндүгүнүн жеткиликтүү болушун өбөлгөлөйт.

Мындан тышкары Иш-чаралар планында жаш муундарга улгайган жарандардын тажрыйбасын өткөрүп берүү максатында ишканаларда жана мекемелерде устаттык механизмин киргизүү каралган. Бул улгайган жарандардын маалымат жана билим берүү ресурстарына жетүүсүн камсыздап, улуу муундун иш менен камсыз болуусуна дем берип, муундар аралык диалог жана биргелешкен иш аткаруу форматында ыктыярдуу иш жүргүзүү маданиятын калыптандырат.

Улгайган жарандардын эс алуусун уюштуруу үчүн «Активдүү узак жашоо» фестивалын өткөрүү, улгайган жарандар арасында катышуусу волонтердук кыймылды жана өз алдынча жардам топторун уюштуруу пландалууда. Бул чаралар мамлекеттик социалдык буйрутманы ишке ашыруунун алкагында пландалып жатат.

Иш-чаралар планын ишке ашыруу жалпысынан улгайган жарандар коомдук жашоого, аларды социалдык жактан интеграциялоого, активдүү жана сапаттуу жашоо образына тартууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий