• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Төрөбаев Венгриянын айыл чарба министри менен кызматташтыкты сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 18.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Будапешт шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Венгриянын айыл чарба министри Иштван Надь менен жолукту.

Анда тараптар эки өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүдө чоң потенциал бар экенин айтышып, бул жаатта биргелешкен долбоорлорду уюштуруу жана элдердин турмушун жакшыртууга салым кошо турган жаңы демилгелерди активдештирүү үчүн билимди, технологияны жана алдыңкы тажрыйбаны өз ара бөлүшүүгө умтулуу керектигин билдиришти.

Алар ошондой эле, өткөн жылдын ноябрында президент Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Бишкекте болгон эки тараптуу жолугушуусунда айыл чарба тармагында жетишилген перспективдүү бир катар артыкчылыктуу долбоорлор каралганын белгилешип, аларды активдештирүүнү сүйлөштү.

Ага ылайык, мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, үрөнчүлүк, багбанчылык, мөмө-жемиш өстүрүү, кайра иштетүү жана тоют тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу үчүн гана өз ара пайдалуу болбостон, эки мамлекеттин экономикалык байланыштарын да бир топ бекемдерин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий