• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Түркия Кыргызстандын аймагында өнөр жай зонасын ачууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түркиянын технология жана өнөр жай министри Мехмет Фатих Каджыр менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу 26-октябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай, илим, технология жана инновация министрлеринин биринчи жыйынынын алкагында өттү.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Түрк тарап Кыргызстандын аймагында өнөр жай зоналарын ачууга кызыкдар экенин билдирди. Бул эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт.

Өз кезегинде Данияр Амангелдиев "Технологиялык парктар жөнүндөгү" мыйзамдын алкагында берилген жеңилдиктер тууралуу айтып, бул чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун натыйжасында Кыргызстандын индустриялык потенциалын өнүктүрүү жана Түркия менен эки тараптуу экономикалык байланышты чыңдоо боюнча талкууланган маселелерди мындан ары илгерилетүү жөнүндө өз ара макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий