• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечкени эки тараптуу алаканы өнүктүрүүгө салым кошот - саясат таануучу

Саясат 0

Бишкек, 05.11.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечкени эки тараптуу алаканы өнүктүрүүгө салым кошот. Бул тууралуу саясат таануучу, Евразия стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакыт Жумагулов "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Түркия Кыргызстандын тышкы карызынын 58,9 млн долларын кечти. Бул каражат экологиялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

"Эгемен Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгына ээ болгондугун биринчилерден болуп тааныган. Себеби Советтер Союзунун маалында Түркия жападан жалгыз түрк тилдүү мамлекет болгон. Учурда ал мамлекеттердин саны бешке жетип, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан кошулду. Бул өз кезегинде түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын алдыга жылдырды. Бүгүн Кыргызстандын тышкы карызын Түркия кечип жатканы эки өлкөнүн бири-бири менен болгон достугун, кызматташтыгын өнүктүрүү менен, биримдикти бекемдөөгө салым кошот деп айтсак жаңылышпайбыз", - деди саясат таануучу.

Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапары менен Кыргызстанда жүрөт. Саналуу мүнөт мурда президент Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган ЖМКга билдирүү жасашты. Анда Садыр Жапаров Түркия тышкы карызды кечкенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий