• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Түркия ШКУнун толук кандуу мүчөсү болууга ниеттенүүдө – Эрдоган

Дүйнө 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Түркия Шанхай кызматташтык уюмунун толук кандуу мүчөсү болууга ниеттенүүдө. Мындай билдирүүнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 11-июлда Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында билдиргенин Известия жазды.

"Биздин максат ал уюмда байкоочу мүчө эмес, туруктуу мүчө болуу. Түркия Шанхай бештигине туруктуу мүчө катары кириши керек", – деди Эрдоган TRT Haber телеканалынын эфиринде.

Эрдоган бул маселени июль айынын башында Астанада өткөн ШКУ саммитинде талкуулаганын айтты. Ошондой эле бирикмеге бедели өсүп жаткан бир катар түрк мамлекеттери кирерин, Түркиянын ШКУга интеграциясы убакытты талап кылышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, ШКУнун саммити 3-4-июлда Астана шаарында өттү. Беларусь кошулгандан кийин ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саны 10го жетти. Ага чейин Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле кийинчерээк кошулган Индия, Пакистан жана Иран кирчү.

Пикир

Оставить комментарий