• 87.86
  • 93.94
  • 1

Түркияда КР жарандарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан

Кырсык 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Аланья (Түркия) шаарында полиция интимдик кызмат көрсөтүү фактысы боюнча атайын операция өткөргөн, - деп билдирет Hurriyet.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында сойкулукка айыпталган 13 аял кармалган, алардын ичинен 8 – Өзбекстандын жараны, 4 – Кыргызстандын жана бирөө Украинанын жараны болуп чыккан.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, интимдик кызмат көрсөтүү үчүн аялдарды өз эрктерине каршы кармашкан.

Учурда полиция кармалгандар айткан даректер боюнча иш алып барууда..

«Гусейн Г., Гусейн Г., Метин Д., Цетин Э., Жасмин А. (кыргыз) жана Ойдинай Н. (өзбек). Булар кыздарды өз эрктерине каршы кармашкан деп айыпталгандар, учурда камакта», - деп маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий