• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ошто 5 жаштагы кыз Ак-Буура дарыясына түшүп кетип каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Ошто 5 жаштагы кыз Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-июнда болжол менен саат 14:45тер чамасында Ишматов көчөсүндөгү дарыяга кыз түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Куткаруучулар келгенге чейин кызды жергиликтүү тургундары суудан алып чыгышкан. Бирок кичинекей кыз ооруканада көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий