• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Чүйдө милиция эки айдан бери дайынсыз жоголгон эне-баланы издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Токмок шаарында милиция дайынсыз жоголгон Анастасия Сытина менен анын баласы Евгений Дьяковду издөөдө.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 19-январда милицияга 37 жаштагы Д.А., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда өзүнүн 29 жаштагы жубайы Анастасия Сытина жана 7 жаштагы баласы Евгений Дьяков 11-январда саат 14:00дөр чамасында Токмоктогу үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин көрсөткөн.

Белгилери: Анастасия Сытина - бою 170 см, чачы кара-күрөң, Евгений Дьяков - бою 110 см, чачы кара-күрөң.

Кийими: Анастасия Сытина - кара күрмө, кызыл баш кийим, Евгений Дьяков - кара спорттук шым, кара-көк түстөгү кышкы күрмө.

“Анастасия Сытина жана Евгений Дьяковдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы барлар (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-73-63, 0501 900-065 номерлерине кабарлап коюңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий