• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чара 26-27-ноябрь күндөрү Анкара шаарында өтөт.

"Маданият күндөрү Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына, белгилүү кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына карата уюштурулууда", - деп айтылат маалыматта.

Элчилик бардык мекендештерди жана досторду иш-чараларга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий