• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Түркияда кырсыкта каза болгон учкучтардун жакындарына 5 млн сомдон компенсация төлөндү

Коом 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Түркияда тик учак кырсыгында каза болгон эки кыргызстандыктын жакындарына 5 млн 102 миң сомдон компенсация төлөп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Компенсацияны аларды жалдаган “Транс Караван Кейджи” жоопкерчилиги чектелген коому төлөп берди.

2023-жылы 16-сентябрда Түркиянын Мендерес аймагында токойдогу өрттү өчүрүүгө катышкан Ми-8МТВ-1 тик учагы Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Кырсыкка кабылган тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик болгонун Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирген. Алар менен кошо бортто түркиялык жаран да болгон.

Үч кыргызстандыктын бири чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган. Каза болгон эки кыргыз жарандарынын сөөгү эки күндөн соң, 18-сентябрда табылган. Алардын сөөгү 20-сентябрда Кыргызстанга алып келинип, туугандарына өткөрүп берилген.

Кыргыз жарандары Түркияда келишимдик негизде иштеп жүрүшкөнү айтылган.

Пикир

Оставить комментарий