Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Түркиянын түштүк-чыгышындагы Батман провинциясында болгон жардыруудан аз дегенде 3 адам жабыркаган. Бул тууралуу “NTV” телеканалы билдирди.
Өзгөчө кырдаал Козлук шаарынын аймагында болгон. Окуя болгон жерге тез жардам жана полиция кызматкерлери келип, ал жерди курчоого алышкан.
Мурдараак Батман провинциясында Түркияда тыюу салынган “Күрдстан” партиясына каршы иш аракеттер жасалган.
Пикир
Оставить комментарий