Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Түркияда өткөн "Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan" аталышындагы спорттук күрөш боюнча эл аралык мелдешинин жыйынтыгы менен 3-орунду ээледи.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, атамекендик спортчулар 1 алтын жана 2 коло медалга татыды.
Биринчи орунга 166 упай менен Иран чыкса, экинчи орунду 107 упай менен Түркия, Кыргызстан 97 упай алып, 3-орунга чыкты.
Бул мелдеште Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын медаль, Афтандил Таалайбек (63 кг) жана Үзүр Жусупбеков коло байге утту.
Пикир
Оставить комментарий