Түркиядагы элчи Өмүралиев Коньяда жашаган мекендештер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Конья шаарына болгон иш сапардын алкагында 2021-жылдын 14-декабрында аталган шаарда жашаган мекендештер менен жолугушту.

КРнын Туркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга элчиликтин демилгеси менен Конья аймагынын Миграция иштери боюнча башкармалыгынын директору Зеки Афшин Бузжу катышты.

Жолугушууда элчи Өмүралиев жарандарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана элчилик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, Конья аймагынын губернатору Вахдеттин Өзкан менен болгон жолугушуусу жөнүндө маалымат берип, жарандардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

Мындан тышкары, Конья аймагынын Миграция иштери боюнча башкармалыгынын директору Бузжу менен биргеликте Түркиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу маселелер талкууланды. Түрк тарабынан Кыргызстандын жарандарынын жашап туруу жана жумушка уруксат алуу шарттары боюнча көптөгөн суролоруна жооп берилди.

Элчи Өмүралиев аталган аймакта расмий кыргыз диаспорасын түзүү боюнча жарандардын демилгесин колдоп, аны расмий каттоо маселесине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий