• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ноокен районундагы жаңы калкты тейлөө борборунун курулушу 95%га аяктап калды

Коом 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Ноокен районунун Масы айылында заманбап калкты тейлөө борбору курулуп, азыркы учурда иштердин 95 пайызга жакыны аяктап калды.

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, курулуш райондун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 24 млн сом акча каражаты жумшалган.

Жалал-Абад облусуннун башчысы Абсаттар Сыргабаев мекеменин курулуш иштери менен жеринде таанышты. Өкүл жергиликтүү бийликке жумуштарды сапаттуу бүткөрүүнү жана бардык керектүү шарттарды камсыздоону тапшырды.

Калкты тейлөө борборунда электрондук кезек түзүү залы, мамлекеттик нотариус, ЗАГС бөлүмү, эне жана балага ылайыкташкан бөлмөлөр уюштурулган. Имаратты декабрь айында пайдаланууга берүү пландалган. Мекеме ишке кирсе Ноокен районунун 148 миңден ашуун калкын ыкчам тейлөө мүмкүнчүлүгү жаралат.

Пикир

Оставить комментарий