• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМдин Ички аскерлерлеринде күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Кечээ, 16-декабрда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде 2021-жылдагы күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарып, 2022-жылга тапшырмаларды кою боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ички аскерлердин колбашчылыгынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жетекчилери, жер-жерлердеги аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин орун басарлары менен катышты.

Алгач республикабыздын түштүк-батыш, түндүк-чыгыш аймактарында орун алган аскер бөлүктөрүнүн командирлери өткөн мезгил аралыгында аткарган иштери тууралуу маалымат беришти.

Отчет бергендер укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти чыңдоо боюнча аткарылган иш-чаралардан тышкары, күжүрмөн даярдыктын, күжүрмөн кызматтын, кароолдук жана ички кызматтын абалы тууралуу, уставдын талаптарына ылайык аскердик тартипти бекемдөөгө, аскер бөлүктөрдөгү кылмыштуулукту жана тартип бузууларга карата алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кенен баяндама беришти. Жыйында ийгиликтер менен катар кемчилдиктерге да кенен баа берилип, аларды жоюу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

Андан кийин аскер бөлүктөрдүн күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча, колбашчынын орун басарлары өздөрүнүн тиешелүү багыттарына ылайык баяндама беришти. Ички аскерлерге коюлган тапшырмаларды өз убагында аткарууда, өздүк курам менен күжүрмөн даярдоону жогорку деңгээлде уюштуруу, аскердик кызматтардын абалын жакшыртуу, укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти бекемдөө боюнча маселелерге кененирээк токтолушту.

Ички аскерлердин колбашчысы Исламбек Кенжекулов жыйынды жыйынтыктап жатып, келээрки жылга тапшырмаларды койду. Эң негизги тапшырмалардан болуп аскер кызматкерлердин өмүрүн жана ден-соолугун сактоо, аскердик кызматтагы коопсуздук, аскер кызматкерлердин социалдык-укуктук камсыздоосу, өздүк курамдын арасында кылмыштуулукту жана тартип бузууну алдын алуу боюнча иш алып баруу экендигин белгилеп өттү.

Жыйындын аягында 2021-жылдын жыйынтыгы менен аскер бөлүктөрдүн ортосунда орундар бөлүштүрүлүп, натыйжасында “Мыкты аскер бөлүгү” наамына 707 аскер бөлүгү (Баткен шаары) татыктуу болду. Аскер бөлүктүн командири Талантбек Мамбетказиев өтмө туу жана 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

Мындан тышкары, Ички аскерлердин колбашчысынын буйругу менен бир топ аскер кызматкерлер медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий