Түркиядагы кыргызстандыктардын укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 12-мартында Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар Түркияда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын коргоо жаатындагы бир катар маселелерди талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев белгилегендей, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо КР министрлер кабинетинин негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Министрлер ошондой эле кыргыз тараптын эки мамлекеттин чек арасынан жарандын ички паспортунун (ID-карта) негизинде өтүү жана визасыз режимди узартуу боюнча сунушун талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий