• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны дээрлик 48 миңге жетти

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 47 миң 932 адамга жетип, 115 миңге жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлуга шилтеме менен билдирет.

“Учурда кырсык болгон аймакта 209 контейнер шаарчасынын курулушу башталды. Алардын 42синин инфраструктуралык иштери бүткөрүлдү. Жалпысынан 209 контейнер шаарчасына 108 миң контейнер орнотулат, учуруда анын 15 миң 809у орнотулду”, - деди ИИМ башчысы.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында жер титирөө болгон.

27-февралда Түркиянын Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда жер силкинген.

Пикир

Оставить комментарий