• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте 14 троллейбус көмөкчордону оңдолот

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Бишкекте 14 троллейбус көмөкчордону оңдолот. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси көмөкчордондордун байланыш түйүндөрүнүн иштөөсүн, санитардык абалын жана штаттык бирдигин текшерүү учурунда белгилүү болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпы 19 троллейбус көмөкчордону болсо, апрель айынан тарта 14 көмөкчордондо оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ал эми 2022-жылдын май айынан август айына чейин 5 көмөкчордондо капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси тиешелүү кызматтардын кызматкерлерине бардык көмөкчордондордо жума сайын ишембилик өткөрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий