• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мектеп окуучулары арасында райондук олимпиада башталды

Коом 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Бишкектеги №65 мектепте Свердлов районуна караштуу жалпы билим берүү мектептердин окуучулары арасында бир катар сабактар боюнча олимпиада башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Окуучуларды колдоп Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова, акимчиликтин аппарат башчысы Азамат Жапаров жана ата-энелер келишти.

Олимпиада 10 сабак боюнча өтөт: кыргыз, орус, англис тили, информатика, география, физика, биология, тарых, химия жана математика.

Өз билимин текшерүүгө Свердлов районунун 33 жалпы билим берүү мектебинен 700 окуучусу келди.

Пикир

Оставить комментарий