• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

IT тармагындагы кыргыз-америка ишкерлеринин форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев Ютадагы дүйнөлүк соода борборунда жайгашкан компания өкүлдөрү жана Юта штатынын бизнес өкүлчүлүктөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Аманбаев Кыргызстандын экономикалык артыкчылыктуу багыттары тууралуу кенен маалымат берип, анын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Кыргызстандын экономикалык артыкчылыктуу багыттары катары төмөнкү жети тармак аталды: IT тармагы, гидроэнергетика, айыл чарба (эт, сүт жана жер-жемиштерди кайра иштетүү), туризм, жеңил өнөр жай, тоо кен байлыктарын иштетүү жана балык өндүрүү тармагы.

Жолугушуунун жыйынтыгында ушул жылдын сентябрь айынын соңунда IT тармагындагы кыргыз-америка ишкерлеринин форумун өткөрүү макулдашылды. Так датасы жана жери тууралуу маалымат кийинчерээк маалым болот.

Пикир

Оставить комментарий