• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Кечээ, 14-февралда Түркиядагы жер титирөөдө урандылардын астында калып, каза болгон кыргызстандык мекенине алып келинди.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сөөк Жалал-Абад облусуна жерге берүү үчүн туугандарына өткөрүлүп берилген.

Белгиленгендей, министрлик Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте табигый кырсыктын кесепетинен каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыккан.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Хатай шаарында урандылардын астында Кыргыз Республикасынын жараны Б.М. каза болгондугун жазып чыгышкан. 1986-жылы туулган. Кийинчерээк КР ТИМи кыргызстандык аялдын каза болгонун тастыктаган. Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан аныкталган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий